Filters
Filters
Found: 50 Piece 0.001 sn
Publication type [1]
Language [1]
National/International [2]
Үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясы = The Concept of Welfare Assessment Protocol for Horses in Herd

Askarbek TÜLÖBAEV

Article | 2021 | MANAS Journal of Agriculture, Veterinary and Life Science (MJAVL)11 ( 2 )

Кыргыз Республикасында жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын иштеп чыгууда, жылкыларды үйүрдө багуунун климаттык жана технологиялык өзгөчө шарттарын эске алуу зарыл. Макаланын максаты – тоолуу жайыттардын шарттарында асыралган үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын аныктоо болуп саналат. Изилдөөлөрдүн темасына ылайык илимий булактарды иликтөөлөр илимий китепканаларда жана интернет булактарында жүргүзүлдү. Жайыттардын шартында асыралган жылкылардын бакубаттуулук деңгээлин баалоо критерийлери же өлчөнүүчү көрсөткүчтөрү байкоонун түз жана кыйыр ыкмалары колдонулуп такталды. Алынган м . . .аалыматтар салыштырма ыкмасы колдонулуп анализденди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында бакубаттуулуктун «беш эркиндик» принциптерине негизделген төмөндөгүдөй концепциясы аныкталды: 1) Кыргыз Республикасында үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулук деңгээлин баалоодо AWIN (2015) протоколу негиз катары кабыл алынышы максатка ылайыктуу; 2) Жылкылар үйүрдүн курамында асыралгандыктан, бардык бээлер жана айгыр иликтөөгө алынышы зарыл; 3) Баалоо прициптери болуп төмөндөгүлөр кабыл алынды: I. Жакшы жайыт; II. Жакшы ден-соолук; III. Талаптагыдай жүрүш-туруш; 4) Жылкылардын бакубаттуулук деңгээлине баа берүүдө, 7 критерийдин алкагындагы ар бири 5 баллдык система менен баалануучу 20 көрсөткүчтүн колдонулушунун талапка ылайыктыгы ортого чыкты. Үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулук баалоо протоколу негизинен жылкынын физиологиялык абалын жана жүрүш-турушун чагылдырган көрсөткүчтөрдөн туруп (85%), жайыттын абалын, жылкыларды багуу жана тоюттандыруу шарттарын камтыган көрсөткүчтөр менен толукталып турат (15%). The scientific community has developed several concepts to characterize and appreciate animal welfare. Behavioural approaches state that animals should live accordingly to their nature and should be able to perform all necessary behaviours without aversion. Physiological approaches based on the concepts of homeostasis and allostasis have been developed. In developing the concept of the welfare assessment protocol for horses in the Kyrgyz Republic, it is necessary to take into account the special climatic and technological conditions for keeping horses in herds. The purpose of this article is to define the concept of the protocol for assessing the welfare of herd horses bred in mountain pastures. Scientific review of sources in accordance with the research topic was conducted in scientific libraries and Internet sources. Criteria or indicators for assessing the level of well-being of horses bred in pasture conditions were clarified using direct and indirect methods of observation. The obtained data were analyzed using the comparative method. The study identified the following concept of well-being based on the principles of the "five freedoms": 1) It is expedient to adopt the AWIN (2015) protocol as a basis for assessing the level of welfare of horse-herd in the Kyrgyz Republic; 2) Since horses are bred in a herd, all mares and stallions should be examined; 3) The principles of evaluation are as follows: I. Good pasture; II. Good health; III. Proper behavior; 4) In assessing the level of well-being of horses, it was found appropriate to use 20 indicators, each of which is assessed on a 5-point scale within the framework of 7 criteria. The protocol for the assessment of the well-being of horse-herd consists mainly of indicators reflecting the physiological condition and behavior of the horse (85%), supplemented by indicators covering the condition of pastures, conditions of breeding and feeding horses (15%) More less

6-класс “Кыргыз тили” окуу китебин баалуулуктарды камтуу контекстинде анализдөө

Argen CUMGALBEKOV | Mehmet Arif ÖZERBAŞ

Article | 2023 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi12 ( 3 )

Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. Шварцтын баалуулуктар топтому: күч, ийг . . .илик, гедонизм, стимуляция, өзүн-өзү башкаруу, универсализм, филантропия, каада-салт, адаптация (ылайыкташуу), коопсуздук суб-бааллуктарынан турат. Изилдөөнүн жыйынтыгында, 6-класстар үчүн кыргыз тили окуу китебинде орун алган тексттерде Шварцтын баалуулуктар топтомундагы баалуулуктар 183 жолу эскерилгендиги аныкталган. Адаптация (ылайыкташуу), универсализм, каада-салт жана коопсуздук баалуулуктары көбүрөөк, ал эми, стимуляция, күч жана гедонизм баалуулуктары азыраак камтылгандыгы аныкталган. Bu çalışmanın amacı 6. sınıf Kırgızca Ders Kitabında yer alan metinleri Schwartz'ın Değer Grupları Tablosuna göre incelemektir. Araştırmada verilerin derlenmesinde nitel araştırma yöntemlerinden biri olan doküman incelemesi kullanılmıştır. Araştırma verilerinin analizinde betimsel analiz yöntemi kullanılmıştır. Araştırma kapsamında 6. Sınıf Kırgızca Ders Kitabında yer alan 28 okuma metni incelenmiştir. Metinlerde değer ifadesi içeren cümleler ilgili değer kategorisine alınmış ve her bir değerin frekansları metinlere göre ayrı ayrı hesaplanmıştır. Schwartz'ın Değer Grupları, güç, başarı, hazcılık, teşvik, öz-yönetim, evrenselcilik, fayda, gelenek, uyum ve güvenlik alt değerlerinden oluşur. Araştırma sonucunda 6. Sınıf Kırgız Dili Ders Kitabında yer alan metinlerde Schwartz'ın Değerler Tablosu'ndaki değerlere 183 kez yer verildiği tespit edilmiştir. Uyum, evrensellik, gelenek ve güvenlik değerleri sıklıkla kullanılan değerler olarak öne çıkarken, teşvik, güç ve hazcılık diğer değerlere göre daha az kullanılıyor gibi görünüyor. The aim of this study is to analyze the texts in the 6th grade Kyrgyz Textbook according to Schwartz's Value Groups Table. In the study, document analysis, one of the qualitative research methods, was used in compiling the data. Descriptive analysis method was used in the analysis of the research data. Within the scope of the research, 28 reading texts in the 6th Grade Kyrgyz Textbook were examined. Sentences containing value expressions in the texts were included in the relevant value category, and the frequencies of each value were calculated separately according to the texts. Schwartz's Value Groups consist of the sub-values of power, achievement, hedonism, stimulation, self-direction, universalism, benevolence, tradition, harmony and security. As a result of the research, it was determined that the values in Schwartz's Table of Values were included 183 times in the texts in the 6th Grade Kyrgyz Language Textbook. While harmony, universalism, tradition and security values stand out as frequently used values, stimulation, power and hedonism seem to be used less compared to other values. Keyword: education; kyrgyz language; textbook; value More less

Кыргыз Тилиндеги “Той” Концептинин Улуттук Мазмуну = The National Importance of the Concept Toy in Kyrgyz Language

Burul SAGINBAYEVA

Article | 2020 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi9 ( 2 )

Макалада улуттук маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт. Тил илиминде тил менен маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан, жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы, түрк элдеринин руханий маданиятында, башка дүйнө элдериндегидей эле, ар кандай . . . жакшылыктарда эл чакырылып, тамак-аш берилип, оюн-тамаша менен коштолуп өткөрүлүүчү “той” каада-салты бар. Бул каада-салт байыртадан бери улуттук маданияттын бир түрү катары өткөрүлүп келүүдө. Бул макалада кыргыз элинин улуттук маданиятынын бир түрү болгон “той” түшүнүгү өзүнчө концепт катары алынып, когнитивдик лингвистиканын лингвомаданий ыкмасы менен талдоого алынды. Концепт менталдык түшүнүк болгондуктан тил менен маданияттын байланышы аркылуу изилденет жана изилдөөнүн жыйынтыгында тигил же бул элдин ой жүгүртүүсү, таанып билүүсү, элестөөлөрү, моралдык-нравалык көз карашы, дүйнө тууралуу маалыматтары ж.б. өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Когнитивдик лингвистиканын максаты – изилдөөгө алынган концептти вербалдык форма аркылуу дээрлик толук чагылдырып берүү. Изилдөөбүздүн максаты да кыргыз тилиндеги “той” концептинин универсалдык жана элдик жалпы жоболорго негизделген этноменталдык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү. Иликтөө ишибизде “той” концептин чагылдырууга “катышкан” тилдик каражаттардын: сөздүктөрдөгү түшүндүрмөлөр, “той” сөзүнүн этимологиясы, “той” сөзү катышкан тилдик бирдиктер, жакын маанидеги сөздөр, паремиялар, фольклордук чыгармалар, көркөм адабий чыгармалар ж.б. факт-материалдардын негизинде талдоо жөргүздүк. Жыйынтыгында кыргыз элинин “той” түшүнүгүнүн улуттук мазмуну аныкталды. Алар төмөндөгүлөр: той – жакшылык; той – бата алуу; той – каада-салт; той – байлык; той – оюн-зоок; той – ынтымак More less

Кыргыз жана огуздардын этникалык байланыштарынын башаты = ORIGIN OF ETHNIC RELATIONS BETWEEN OGUZS AND KYRGYZ

Muratbek KOCOBEKOV

Article | 2015 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi4 ( 5 )

Калктардын этникалык башшатын аныктоодо этнофольклордук материалдар арсынан айрыкча санжыралык маалыматтар маанилүү роль ойнойт. Санжыралык материалдарда байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу маалыматтар арбын учурайт. Аларды кытай булактарында айтылган кабарлар менен салыштыруу ыкмасы б. з. III-V кк. өткөн тарыхый процессти калыбына келтирүүгө көмөк берет. Жазма булактарда эскерилген кыргыздардын динлиндер менен аралашып кеткендиги туурасындагы маалыматты талдоо жолу, динлин – теле – огуз этносунун тектик тарыхы бир болгондугун көрсөтөт. Жазма булактарында теле урууларынын катмарынан чыккан сеяньтолор менен кыргыздардын ортосун . . .да этносаясий алакалар болгондугу катталган. Кыргыздардын этникалык тарыхына байланышкан огуздардын катышы туурасындагы маалыматтар саныжарыларда дагы чагылдырылат. Санжыралык жана фольклордук кабарларды тарыхый булак материалдары менен салыштыруу байыркы өткөн этникалык алакаларды калыбына келтирүүгө жардам берет. - Keywords: Кыргыз, кырк гуз, Огуз хан, Ашина, теле, динлин More less

Кыргыз Pеспубликасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга болгон кызыгуусу = KYRGYZ YOUNG PEOPLE’S INTEREST IN STUDYING ABROAD

Ayzat İBRAYEVA | Rita İSMAİLOVA

Article | 2016 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi5 ( 1 )

Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. - Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы. . . . More less

Окуучулардын баалоосуна караганда Кыргызстандагы билим-берүү системасындагы көрүнгөн көйгөйлөр

Hasan YILMAZ | Carkınay TEMİRBEKOVA

Article | 2019 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi8 ( 2 )

Заманбап билим-берүүдө мектепте башкаруу жана окууту кызматтарынан тышта калган, бирок окуучунун ийгилигине таасир көрсөткөн факторлорго байланыштуу кызмат тармагы индивидуалдык өнүгүү кызматы катары аталып келет. Окуучуга багыттылган индивидуалдык өнүгүү кызматтарынын негизги максаты окуучунун мектепти болушунча пайдалануусун камсыздоо. Заманбап билим-берүү системасында мектептердин ийгиликтүү боло алуусу билим-берүү, башкаруу жана окуучуга багытталган индивидуалдык кызматтарынын кызматташуусу жана макулдашуусу менен гана ишке ашат. Жасалган изилдөөнү негизги максаты Кыргызстандагы билим-берүү мекемелеринде психологиялык кеңеш жана . . . көмөккө болгон муктаждыгына көңүл буруу. Аныкталышы керек болгон көйгөйлөрдүн көптүгү мектептердеги көмөк жана кеңеш кызматтарынын жетишсиздигине басым жасалышы керек экени күтүлүүдө. Изилдөөдө абалды аныктоону максат кылган үчүн сканер ыкмасы колдонулган. Бул ыкманын талабына ылайык 12-17 жаш арасы өзгөргөн жана 7-11- класстар ичинде билим алган 499 окуучуга көйгөйлөрдү анализдөө шкаласы колдонулган жана көрүнгөн көйгөйлөрдү класстарга бөлүү менен карап чыккан. Изилдөөнүн аягында мектеп жана окуу курал жабдыктарына байланыштуу көйгөйлөр менен жеке адамга байланыштуу көйгөйлөр жана кесип, келечекке байланыштуу тынчсыздануулар эң көп учураган көйгөйлөр экени көрүнгөн. Ден-соолук жана туура тамактануу көйгөйлөрү менен үй жана үй-бүлөгө байланыштуу көйгөйлөр болсо, эң аз учураган көйгөйлөр экени көрүнгөн. Көрүнгөн көйгөйлөрдүн окуучулардын жынысы, жашы жана классына карап да, өзгөргөнү байкалган. Алынган жыйынтыктар талкууланган жана сунуштар көрсөтүлгө More less

Математикалык коркуу шкаласы: Валиддүүлүктү жана ишенимдүүлүктү сыноо

Yavuz Ercan GÜL | Akmatali ALİMBEKOV

Article | 2020 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi9 ( 3 )

Бул изилдөөнүн максаты – окуучулардын математикага болгон камтама деңгээлдерин өлчөөгө жарамдуу, б.а. валиддүү жана ишенимдүү өлчөө инструментин даярдоо. Изилдөөнүн иш тобун Бишкек шаарынын №49-орто мектебинин 216 окуучусу түзгөн. Өлчөө каражатынын валдидүүлүгүн сыноо боюнча мазмундук жана конструкттук валидддүлүк операциялары аткарылган. Ишенимдүүлүктү аныктоо боюнча Кронбах α коэффициенти эсептелип, анын мааниси 0.76 болуп чыккан. Факторлорду айырмалоочу дискриминанттык анализдин натыйжасында бардык субшкалалар боюнча алынган көрсөткүчтөр статистикалык жактан мааниге ээ экендиги аныкталган. Факторлордун ортосунда өз ара позитивдик . . . байланыш бар экендиги белгилүү болгон. Бул операциялардын натыйжасында окуучулардын математикалык камтама деңгээлдерин өлчөөгө валиддүү жана ишенимдүү кыргыз тилинде өлчөө каражаты даярдалган More less

Фарабинин Философиялык Системасында Негизги Баалуулук Катары Бактылуулук Маселеси Happiness as a Value in Farabi

Abdiraşit BABATAYEV | Yusuf GÖKALP

Article | 2022 | MANAS Journal of Religious Sciences - MANAS Din Bilimleri Dergisi (MDBD)1 ( 1 )

Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сыяктуу тармактарда да талкууланып келген. . . . Ахлак философиясынын агымдарынын көпчүлүгү адамдар эӊсеген эң жогорку нерсенин бактылуулук болгондугу тууралуу бир пикирде болгондугуна карабастан, бактылуулукту кайсы тармактарда канчалык деӊгээлде ишке ашырууга мүмкүн болгондугу, ошондой эле бактылуулуктун табияты жана адамдын жашоосундагы бакыттын ордун аныктоо маселеси боюнча бири-биринен айырмаланат. Ислам дүйнөсүндө бактылуулук ахлагы тууралуу айтылганда эң биринчи ойго келген ислам философторунун бири катары Фараби эске түшөт. Фараби жазып калтырган эмгектер мамлекеттик башкаруу, саясат, билим, адеп-ахлак, үй-бүлө ж.б. көп темаларды камтыйт. Чындыгында ал жазып калтырган чыгармалар жазылган мезгилге гана эмес, азыркы учурга да жарык чачкан эң маанилүү эмгектер болуп саналат. Фараби бактылуулук маселеси боюнча өзүнөн кийинки ислам философторуна чоң таасир тийгизген. Бул макалада бактылуулук темасын Ислам дүйнөсүнүн эң атактуу ойчулу Фарабинин жазган эмгектеринин алкагында талкуулайбыз жана бактылуулук маселесин анын акыл категориялары менен байланышына токтолобуз More less

Yenisey Yazitlarindaki Erkek Kişi Adlarinda Geçen Kelimelere Göre Eski Türk Erkeği

Nurdin USEEV

Article | 2015 | Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim (TEKE) Dergisi / International Journal of Turkish Literature, Culture, Education4 ( 1 )

Makalede Köktürk harfli Yenisey yazıtlarında geçen kişi adlarının yapısındaki kelimeler ele alınarak kültürel dil bilim açısından incelenmiştir. Çünkü Köktürk harfli Yenisey yazıtları Türkçenin en eski yazılı metinleri olarak Eski Türk halklarının kültürünü, felsefesini ve toplum hayatını araştırmamız ve anlamamız açısından çok büyük önem arz etmektedir. Kişi adları kültürel değerleri, felsefi bilgileri içermesi bakımından dilin en önemli birimidir. Dolayısıyla eski metinler kültürel dilbilim açısından incelenirken ele alınacak ilk veri kişi adları ve onları oluşturan kelimelerdir. Makalemizde otuza yakın kelime üzerinde araştırma y . . .apılmış, bunların derin kültürel bilgiler yansıttığı tespit edilmiştir. Örneğin, köni ve tüz kelimelerinin dürüst, sadık, doğru anlamlarına gelerek bu kelimelerle anılan kişilerin doğru, dürust olduklarını yansıttığı, enlig kelimesi ile Eski Türklerde cesur erkeklerin ellerine iğne ile damga çekme geleneğinin verildiği tespit edilmiştir. - Anahtar kelimeler: Yenisey yazıtları, kişi adları, kültürel dil bilim, unvan, enlig, al More less

Котормодогу прагматикалык адекваттуулук (С. Эралиевдин «Ак Мөөр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги котормосунун негизинде) = Семантические соответствия английского и кыргызского языков на примере перевода лирической поэмы С. Эралиева «Ак Мөөр» на английский язык = Semantic matching english and kyrgyz languages the example of funds lyrical poem S. Eralieva Ak 'Mөөr in' english

Altınay TOKTOMATOVA

Article | 2016 | Ученый XXI века17 ( 4-3 )

Бул макалада С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги аспиранттын котормосунун негизинде англис жана кыргыз тилдериндеги семантикалык дал келүүчүлүктѳр жана прагматикалык адаптация жүргүзүү маселелери каралат.- Ачкыч сөздөр: толук дал келүүчүлүк, толук эмес дал келүүчүлүк, дал келүүчүлүктүн жоктугу, лексикалык прагматикалык адаптация . . . More less

Ыйык Курандын негизинде Пайгамбарлардын ата менен уул ортосундагы мамиленин каралышы The relationship between father and son in the example of the prophets based on the Holy Qur'an

Şohimardan ORUNBEKOV

Article | 2022 | MANAS Journal of Religious Sciences - MANAS Din Bilimleri Dergisi (MDBD)1 ( 1 )

Ар бир үй-бүлөдө атанын орду абдан чоң мааниге ээ. Анткени, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – бактылуу балалык мезгилин жашай алат. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – коомдо өз ордун тез таап кете алат. Мындай бала – ырыстуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала» деп, эл оозунда мактоого арзыйт. Биз бул макалада ата жана уулдун ортосундагы мамиле кандай болуусу керектигин ыйык китебибиз Курандын негизинде талкуу кылабыз. Пайгамбарлардан Адам ата жана анын эки уулунан тартып, акыркы пайгамбар Мухаммедке (а.с.в.) чейин келген пайгам . . .барлардын өз уулдары менен болгон мамилелерин чагылдырган окуялардан сабак чыгарабыз More less

Чыӊгыз Айтматовдун Ааламы Жана Философиясы

Cıldız URMANBETOVA

Article | 2020 | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi9 ( 3 )

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын гана эмес, дүйнөлүк маданиятынын алтын казынасына кирген көркөм бийиктик болуп эсептелинет. Ошондон улам жазуучунун мурасын философиялык жактан талдоо максаты коюлду. ―Айтматовдун ааламы‖ аттуу түшүнүктүн негизги маанилери изилденип, байыркы грек ―микрокосмос‖ менен ―макрокосмос‖ түшүнүктөрү аркылуу каралып чыкты. Айтматовдун ааламынын үч негизги мааниси белгиленип келет: Айтматовдун инсан катарында бул дүйнөнү, жалпы ааламды кабыл алуусу өзгөчө керемет болгондуктан, жазуучунун ааламы менен дүйнөлүк ааламдын өз ара байланышы каралып чыгат; инсан менен инсандын баарлашуусу катарынд . . .а Айтматовдун окурмандарга карата улуу насааты белгиленет; кыргыз элинин нукура байлыгын, руханий маданиятын, кыргыз жашоосун жалпы дүйнөгө сүрөттөлүшү да чагылдырылып келет. ―Айтматовдун философиясы‖ аттуу түшүнүгү болсо экзистенциалдык алкакта каралып чыкты. Адамдын маӊызы бы бийик, же болбосо кыйынчылыктарды туудурган күнүмдүк жашоосу бу бийик – Айтматовдун сөзү менен айтканда, бул бир ойлоно турган нерсе экен. Айтматовдун философиясы аттуу түшүнүктүн эң бир даана чагылдырылган мааниси жазуучунун трагедия категориясын кабыл алуусунда көрүнүп турат. Айтматов трагедиянын бир гана негативдүү маанисин алдыга койбостон, анын ички мазмунунда маанилүү, пайдалуу жана позитивдүү нерсе да жатат деп санаганы философиялык жааттан каралып чыгат More less

Our obligations and policy regarding cookies are subject to the TR Law on the Protection of Personal Data No. 6698.
OK

creativecommons
Bu site altında yer alan tüm kaynaklar Creative Commons Alıntı-GayriTicari-Türetilemez 4.0 Uluslararası Lisansı ile lisanslanmıştır.
Platforms